НАРЫН ШААРЫНДА «КЫЙНООГО КАРШЫ 26 КҮН!!!» АКЦИЯСЫ ѲТКѲРҮЛҮҮДѲ

26-июнь-Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун Эл аралык күнү.

Буга карата Кыргыз Республикасынын аймактарында «Кыйноого каршы 26 күн!!!» акциясы ɵткɵрүлүүдɵ. 
Акциянын алкагында 3-июнь күнү Нарын шаардык мэриясынын, Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлɵрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Нарын облусу боюнча аймактык ɵкүлчүлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы ɵкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен турган комиссия Нарын шаардык Ички иштер бɵлүмүнүн Убактылуу кармоочу жайынын абалын кɵрдү.

Текшерүү учурунда бул жерде убактылуу кармалган адамдардын укугу канчалык деӊгээлде корголуп жатат, алардын ден соолугуна, ɵмүрүнүн коопсуздугуна зыян тийгизүүчү факторлор жокпу, видео камера орнотулганбы, санитардык, гигиеналык жана башка ыӊгайлуу шарттар түзүлгɵнбү деген маселелерге ɵзгɵчɵ кɵӊүл бурулду.

Шаардык ички иштер бɵлүмүнүн кызматкерлери Убактылуу кармоочу жайга ремонт иштери зарылдыгын, айрыкча жуунуучу жайы, дааратканасы капиталдык ремонтко муктаж экенин билдиришти. Ошондой эле быйыл бул иштерге Нарын шаардык мэриясы тарабынан 100 миӊ сом бɵлүнүп берилгенин, жакында ремонт иштери башталаарын белгилешти.

Мындан сырткары «Кыйноого каршы 26 күн!!!» акциясынын алкагында Нарын юридикалык колледжинде «Эркиндигинен ажыратуу жана чектɵɵ жайларында кыйноонун жана катаал мамиленин алдын алуу» темасында лекция окулуп, агартуучулук иш чарасы ɵткɵрүлдү.

Адам укугун коргоо, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз мамилелерди алдын алуу иш чаралары 26 күн бою улантыла бермекчи.

Добавить комментарий