НАРЫН ШААРЫНДА МЭРДИН БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ѲТКѲРҮЛДҮ

Бүгүн, 27-декабрда Нарын шаарында мэрдин жаӊы жылдык балаты майрамы ɵткɵрүлдү.

Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектепте уюштурулган майрамдык иш чарага шаардагы орто мектептердин алдыӊкы окуучулары, аз камсыз жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлɵлɵрдүн, коомдук уюмдардын мүчɵлɵрүнүн балдары чакырылды.

Аларга Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жана Нарын шаардык Кеӊешинин бир катар депутаттары тарабынан жакшы тилектер арналып, жаӊы жылдык белектер тапшырылды.

Майрам шаӊын М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган «Сыйкырдуу тегирмен» аттуу жаӊы жылдык жомок жана оюн-зоок программасы кɵркүнɵ чыгарды.

Бɵбɵктɵргɵ арналган балаты майрамына жергиликтүү бюджеттен 100 миӊ сом бɵлүнүп, 230 балага белектер берилди.

 

Добавить комментарий