НАРЫН ШААРЫНДА САРЫК ООРУСУН АНЫКТОО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ѲТҮП ЖАТАТ.

Бүгүн, 26-июлда Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинин имаратында сарык оорусун аныктоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча ɵткɵрүлɵ турган үч күндүк эл аралык конференция ɵз ишин баштады.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргызстандын инфекционисттер жана гепатологдор коому, жергиликтүү бийлик жана облустук Үй-бүлɵлүк дарыгерлер борбору тарабынан уюштурулган бул иш чарага Россиядан, Индиядан, Казакстандан жана Кыргызстандан келген инфекциялык оорулар жана гепотология боюнча жогорку билим-тажрыйбасы бар окумуштуулар катышууда. Алар конференцияда дарыгерлерге сарык ооруларын алдын алуу, дарылоо боюнча дүйнɵдɵгү алдыӊкы ыкмаларды, жаӊылыктарды бɵлүшмɵкчү.

Мындан сырткары жергиликтүү калк арасындагы сарык ооруларын аныктоо максатында акысыз лабораториялык изилдɵɵлɵрдү жүргүзүү, 50 пайыздык жеӊилдик менен (500 сом) боор оорусун аныктай турган ФИБРОКСАН аппаратына тартуу, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан кеӊештерди берүү кызматтары кɵрсɵтүлүүдɵ.

Ошондой эле сарык ооруларын аныктоо максатындагы марафон да бул күнү ачык болуп, каалоочулар ɵз ниеттери менен колдон келген каражатын салып беришти.
Иш чаранын ачылышында сɵз сүйлɵп, алыстан келген окумуштууларга Нарын шаарынын элинин атынан ыраазылык билдирген шаар мэри Эмилбек Алымкулов жергиликтүү элдин ден соолугу үчүн марафонго жергиликтүү бюджеттен 10 миӊ сом салым кошту.

Нарын облустук үй-бүлɵлүк дарыгерлер борборунун директору Мурат Алияскаровдун айтымында, лабораториялык изилдɵɵлɵрдɵн ɵтүүнү жана аппаратка түшүп, оорусун аныктап алууну каалагандарга эртеӊ, 27-июль күнү да медициналык кызмат кɵрсɵтүлɵт.

Добавить комментарий