НАРЫН ШААРЫНДА “ ТОПУК ” СҮТТҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЧАКАН ЦЕХ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 10-февралда С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде “Топук” сүттү кайра иштетүүчү чакан цех ачылып, лентасы кесилди.

Бул ачылыш аземге Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, Агахан Өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломаттык өкүлү, БАУнин камкорчулук кеңешинин төрөгасы доктор Шашм Кассим-Лахка, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, БАУнин ректору Сохаил Накви, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.

Бул чакан цехти иштетүүдө БАУнин жардамы чоң болгонун университеттин ректору Таштанбек Сияев баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Университеттин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн технологиясы багытында биринчи жана экинчи курста жалпы он алты студент билим алат. Ал эми бул “Топук” чакан цехи алар үчүн чыныгы окуу-лабораториялык база болуп берет. Билим сапатын жогорулатуунун өбөлгөсү болуп берет.

Жалпы баасы 56 087 долларды түзгөн “Топук” чакан цехи 300 литр сүттү иштете алат. Андан пастерленген сүт, каймак, йогурт жана балмуздак чыгат.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий