Нарын шаарында эки кабаттуу заманбап спорт мектеби ишке берилди

Бүгүн, 25-февралда ачылышы болгон С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш мектебинин жаңы имаратынын курулушуна мамлекеттик бюджеттин эсебинен 31 млн. 543 миң сом жумшалды.

Эки кабаттуу заманбап спорт мектебинин курулуш иштери 2016-жылдын 1-апрелинде башталган. Анын биринчи кабатында  күрөш залы, тренажердук зал, балдар, кыздар үчүн чечинүүчү жана жуунучу (душ) жайлар, даараткана жайгашса. Ал эми экинчи кабатта теннис залы, спорт мектептин администрациясынын кабинеттери, көрүүчүлөр үчүн балкон орун алган.

Ал эми эркин күрөш мектебинде 260  спортчуларды 12 машыктыруучу  тарбиялап, машыктырып келет. Учурда машыгып жаткан 260 машыгуучунун  45 кыздар түзөт. Эл аралык, республикалык жана облустук спорттук мелдештерде спортчулар алдыңкы орундарды багындырып спорт мектептин жана  шаардын намысын коргоп келе жатышат.

Добавить комментарий