НАРЫН ШААРЫНЫН АЙРЫМ КӨЧӨЛӨРҮНДӨГҮ ЖОЛДОР АСФАЛЬТТАЛАТ

Нарын шаарындагы  Токтосунова,  Кулумбаева жана  С.Орозбак  (Ак-Мөөр көчөсүнөн  Ленин көчөсүнө чейин) көчөлөрү оңдоп-түздөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Республикалык бюджеттин эсебинен 17 млн 318 миң сом акча каражатына аталган жолдорду асфальттоо иштери жургүзүлөт.

Курулуш иштерин “Доорстрой” ЖЧКсы ишке ашырып жатат. Учурда жолдордун эски асфальттарын сыйрып, тазалоо жумуштары алып барылууда.

Добавить комментарий