НАРЫН ШААРЫНЫН БАШКЫ ПЛАНЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Бүгүн Нарын шаарынын коомчулугуна Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институтунун кызматкерлери тарабынан шаардын Башкы планынын концепциясы презентацияланды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Нарын шаарын мындан ары ɵнүктүрүп-ɵстүрүү үчүн Башкы план керек. Ал эми шаардын Башкы планы союз убагында жасалгандыктан бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере албайт. Ошол себептен шаардын жаӊы Башкы планын жасатуу максатында эки жылдан бери иштиктүү аракеттер кɵрүлүп келген. Тактап айтканда, алгачкы жумуштар үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом бɵлүнүп берилип, тендер жарыяланган. Тендерден Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институту утуп алып Башкы пландын концепциясын жана топо, аэро сьемкаларын жасап бүткɵргɵн.

Бүгүн коомчулуктун ɵкүлдɵрүнɵ Башкы пландын биринчи этабында жасалган иштер боюнча маалымат берилди.

Белгилей кетсек, Башкы планды бүтүрүү иши үч этаптан турат. Биринчиси концепция, аэро, топо сьемкалары, экинчиси Башкы планды түзүү, үчүнчүсү деталдык пландоо долбоорлору.

Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институтунун директору Жыргалбек Асаналиевдин айтымында, жумуштун биринчи этабында түзүлгɵн концепцияда шаардын 2040-жылга чейинки стратегиялык ɵнүгүү планы (каякка, эмненин негизинде, кандай экономикалык кɵрүнүштɵр менен ɵссɵ болоору) камтылган. «Бул иш бир жылга жакынкы мɵɵнɵттɵ жасалды. Буюрса Башкы планды үстүбүздɵгү жылдын аягы менен бүткɵрүп беребиз. Ал эми деталдык пландоо долбоорлорун 2020-жылдын аягы менен жыйынтыктоону пландап атабыз»,-дейт Ж. Асаналиев.

Иш чарада институттун кызматкерлери тарабынан Башкы пландын концепциясы презентацияланып, коомчулуктун ɵкүлдɵрү, депутаттар тарабынан суроолор, сунуштар берилди.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов эӊ негизгиси бул иш ордунан жылганын белгилеп, кийинки этаптагы жумуштар үчүн Ѳкмɵттɵн 5 миллион сом, Ага Хан ɵнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сом материалдык колдоолор болгонун айтып, мындан аркы иштин жүрүшүнɵ ийгилик каалады. Ал эми муниципалдык менчиктеги жер менен жеке менчиктин, кɵчɵлɵр менен тротуарлардын, соода күркɵлɵрү менен жолдун ортосундагы кызыл сызыктар деталдык пландоо долбоорлорунда ишке ашкандыктан ушул этапка жакшылап кɵӊүл буруп масштабдуу карап берүү жагын долбоорлоо институтунун ɵкүлдɵрүнɵн ɵтүндү.

 

 

Добавить комментарий