Нарын шаарынын депутаттары тарабынан орто мектептердин жылуулугуна мониторинг жүргүзүлдү

Бүгүн, 13-январда Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ботоканов депутаттардан турган убактылуу комиссия менен биргеликте мектеп жана балдар бакчаларды кыдырып, класс бөлмөлөрдөгү жылуулуктун абалы менен жеринен таанышып чыгышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Кыдыруу учурунда сырттагы сууктун кесепетинен имараттардын ичи жакшы жылыбай, окуучулар куртка менен отурган учурлар кездешип, окуучулардын сабакка катышуусу төмөн  экендиги аныкталды.

Белгилей кетсек, кечээ 12-январда шаардык Кенештин отурумунда окуучулардын кышкы каникулун узартуу боюнча маселе көтөрүлгөн.

Добавить комментарий