НАРЫН ШААРЫНЫН И. РАЗЗАКОВ ЧѲЛКѲМҮНҮН ТУРГУНДАРЫ ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИНЕ ЫРААЗЫЛЫК БИЛДИРДИ.

Бүгүн, 7-февралда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов И. Раззаков аймагындагы шаар тургундары менен жолугушту.

Жыйында шаар мэри тарабынан жыл ичинде аткарылган жумуштар жана алдыда жасала турган иштер тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, И. Раззаков аймагына жергиликтүү бюджеттен 882 915 сомго 57 заманбап түнкү жарык түркүктɵрү орнотулуп, эки тараптуу 88 жол чырагы коюлган. Республикалык экологиялык фонддун каржылоосу менен 600 миӊ сомго 100 даана «голубой ель» алынып, 90дон ашыгы ушул аймакка тигилген. Нарын облустук тɵрɵт үйүнɵ баруучу 450 метр жол асфальтталып, бир тараптуу тротуар жана суу кетүүчү арыктары менен кошо жасалган. Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун негизинде аймакта 1,8 километр суу түтүгү тартылып, 2 жаӊы резервуар коюлган. Жайлообак аймагында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолун реконструкциялоо жумуштарынын алкагында 1000 метр жерге жаӊы таза суу түтүктɵрү тартылган. Аймакта Кыргыз Республикасынын «Арзан турак жай 2015-2020» программасынын алкагында ипотекалык 5 кабаттуу 60 батирлүү турак үйдүн негизги жумуштары бүткɵрүлгɵн. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусундагы кызматкерлерине кɵп кабаттуу турак үй курулуп, пайдаланууга берилген. Ички иштер жана прокуратура кызматкерлерине кɵп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жатса, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 2 кабаттуу 10 батирлүү турак үй курулуп, ишке берилүү алдында турат.

Ал эми алдыда пландалган жумуштарга токтолсок, Ж. Акималиев паркынын ылдыйкы бɵлүгүн тосуу, ЕББР программасынын негизинде канализация системасын тартуу, жаӊы тигилген карагайлардын айланасын коруу, кɵчɵ бойлорун жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү, ички жолдорду оӊдоп-түзɵɵ, №7-орто мектептин ремонт иштерин жүргүзүү жана башка иштер жасалмакчы.

Жыйында шаар тургундары тарабынан жергиликтүү бийликтин ишмердүүлүгүнɵ карата жакшы пикирлер айтылып, жасалган жумуштарга ыраазылык билдирилди. Ошондой эле кɵйгɵйлүү маселелер да ортого салынып, жол түздɵлгɵндɵн кийин автоунаалар катуу ылдамдык менен ɵтүп жаткандыктан жол белгилерин орнотуу, бала бакчага, мектепке барчу жолдорго шагыл тɵгүү, СИЗОнун тегерегиндеги үйлɵргɵ суу-канализация тутумун киргизүү, 64 аймагындагы үйлɵрдү борбордук отканага кошуу, паркты сугаруу үчүн суу алып ɵтүү, балдар ойноочу аянтча куруу, автовозалдын айланасын иретке келтирүү жана башка маселелер айтылды.

Суроолорго адистер тарабынан тиешелүү жооптор берилип, айрым маселелерди жеринде чечүү жагы убада кылынды.

Жыйында шаар тургуну, Суу-канал ишканасынын кызматкери Амантур Тɵрɵгелдиев суунун акысын салыкта, ички иштер органдарында, ПЭСте, ооруканада жана башка мекемелерде иштеген аттуу-баштуу кызматкерлер, колунда бар адамдар тɵлɵбɵй жатканын айтып, ушуларга тиешелүү чара кɵрүп берүү жагын ɵтүндү.

Жыйында жаӊы мыйзам долбоорлору, мамлекеттик камсыздандыруу, жергиликтүү жамааттардын Уставын бекитүү сыяктуу маселелер да каралды.

Шаар мэри Эмилбек Алымкулов шаардын бюджети жетпегендиктен бир топ идеялар аксап жатканын, бирок шаардын инфратүзүмүн оӊдоого, элдин кɵйгɵйлɵрүн чечүүгɵ ар кайсы булактардан каражат изделип, колдон келишинче аракеттер кɵрүлɵ берээрин билдирди.

Добавить комментарий