НАРЫН ШААРЫНЫН КҮНҮН УЮШТУРУУГА АКТИВДҮҮ КАТЫШКАНДАР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн, 18-сентябрда Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарынын күнүн уюштурууга салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында, шаарыбыздын жеке майрамын уюшкандыкта өткөрүүгө, беш аймакта майрамдарды уюштуруп, чөлкөмдөрдүн жашоочуларына жагымдуу маанай тартуулап, иш-чараларга активдүү катышкан шаардык, облустук, райондук ишканалардын эмгек жамааттары Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин атынан “Ыраазычылык каттар” менен сыйланышты.

Ошондой эле уюштуруу маселелерине ар тараптуу колдоолорду көрсөткөн эл аралык уюмдарга, мобилдик түйүндөргө, банк жана башка демөөрчүлөргө да Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов Ыраазычылык каттарын тапшырды.

“Нарын шаарынын күнү жогорку деңгээлде белгиленди, ага салым кошкон ар бир шаар тургунун жана сиздердин эмгек жамааттарыңыздарга рахмат айтып, терең ыраазычылык билдиремин”, деди мэр өз сөзүндө.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи атайын шаар күнүнө карата “Мэрдин кубогуна” арналып, эки айдан бери жүрүп жаткан спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн жана «Тоо койнундагы шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо менен улантылды.

Добавить комментарий