Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамынын аткарылышы жөнүндө баяндамасы

Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин  2006-жылдын  28-декабрындагы № 213 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамынын аткарылышы жөнүндө баяндамасы

Нарын шаардык мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 213 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» мыйзамын аткаруу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп жатат.

Аталган мыйзамды аткаруу боюнча Нарын шаардык мэриясында 2007-жылдын 3-апрелинде № 194-б буйругу кабыл алынып, иш-чаралар түзүлүп, аткарууга алынып келген. Ал эми 2015-жылдын 21-январынан буйрук жаӊыртылып, иш-чаралардын планы шаардык мекеме-ишканалар тарабынан аткарууга алынган.

         Шаардык мэриянын аппараттык кенешмесинде, отурумдарында ар дайым жарандардан түшкɵн арыз-даттанууларды кароодо создуктурбай, мɵɵнɵтүндɵ, арызда коюлган маселелерге маӊызы боюнча толук жооп берүүлɵрү, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, кемчиликтерге жол бербɵɵ жɵнүндɵ кеӊири айтылып, талаптар коюлуп келүүдɵ.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4–майындагы №67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнүндɵ» Мыйзамынын  6-1-беренесинин 6-пункттуна киргизилген ɵзгɵртүүлɵргɵ ылайык, жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл ала турган электрондук байланышы ([email protected]) түзүлгɵн.

2015-жылдын  ичинде Нарын шаардык мэриясына жалпы 736 кайрылуу  түшкөн, мунун ичинен: 287 жазуу жүзүндө, 16 электрондук кайрылуу, мэрдин жана анын орун басарларынын кабыл алуусунда 242 жаран болуп, 191 ооз эки кайрылуулар келип түшкөн.

Келип түшкөн 736 арыз-даттануулардын бардыгы көзөмөлгө алынып,  285 арыз канааттандырылып, 451 арызгатушундуруу иштери жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнөн, Жогорку Кенештен — 25, министрликтерден, ведомстволордон —  199, Кыргыз Республикасынын Ѳкмөтүнүн Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынан, облустук мекеме-ишканалардан 867, шаардык мекеме-ишканалардан  685,  телефоннограмма- 91, бардыгы 1867  иш кагазы келип тушкөн. Аткарылганы — 1598, маалымат үчүн-204, көзөмөлдө турганы — 36, аткарууда   турганы – 29.

2015-жылдын  ичинде документтердин айланышы (документооборот) 13040 бирдикти түздү.

Нарын шаардык мэриясы жергиликтүү массалык маалымат каражаттары, мындан сырткары республикалык маалыматтык агенттиктердин сайттары менен тыгыз иш алып барып келет.

Нарын шаарында ɵткɵрүлгɵн жыйын, коллегия, шаар мэринин эл менен жолугушуусу, шаардык мекеме-ишканалардын жылдык отчетторун угуу, маанилүү сүйлɵшүүлɵр жана башка иш-чаралардын өтүлүшү боюнча алдын ала жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялар берилип,  массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулук  шаарда болуп жаткан жаӊылыктар, мэриянын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жүргүзүп жаткан иш аракеттери туурасында маалыматтарды алып келишүүдɵ.

Жарандарга шаардагы уюштуруучулук ɵзгɵрүүлɵр, мэриянын коомдук оолуттуу иш чараларда жана долбоорлордо катышуусу, актуалдуу маселелер, шаардын экономикалык-социалдык өнүгүүсү, шаар тургундары көтөргөн көйгөйлөр туурасында маалыматтарды жеткирүү  үчүн,  шаардын мэри, орун басарлары, мекеме, ишканалардын жетекчилеринин пресс-конференциялары, Нарын ТВнын “Теңир-Тоо” кабарлары аркылуу  маектер, түз эфирлер уюштурулуп, республикалык жана облустук гезиттерге макалалар берилип, чагылдырылып келет.

Массалык маалымат каражаттарында, анын ичинде республикалык (Akipress.kg, Kabar.kg, 24.kg, Azattyk.kg ж.б.), шаардык (naryncity.kg) интернет маалымат булактарына мэриянын пресс-кызматы аткарылып жаткан иш-аракеттер туурасында калкка маалымдоо максатында макалаларды, пресс, пост-релиздерди жарыялап турат.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын иштери тууралуу маалыматтарды алууга болгон жарандардын конституциялык укуктарын жүзɵгɵ ашыруу, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” 2006-жылдын 28-декабрындагы                № 213 мыйзамын аткаруу жана мэрия менен коомчулук ортосундагы байланышты ɵркүндɵтүү максатында, Нарын шаардык мэриясынын  «naryncity.kg»  сайты 2014-жылдан тартып ишке киргизилип, анда шаардагы маалыматтар жайгаштырылып турат.

Электрондук коомдук кабылдама аркылуу шаар тургундары  суроолоруна  жооп  алышып, сунуш, пикирлерди калтыра алышат.

Ошондой эле шаардык мекеме, ишканаларда коррупциялык, ашыкча бюрократиялык жана башка терс кɵрүнүштɵрдү алдын-алуу максатында «Ишеним телефону» уюшулуп, ал катары 5-06-76 телефон номуру бекитилген.

Ал эми Нарын шаарынын мэри, вице-мэрлери графикке ылайык жарандарды кабыл алууну жүргүзүшүп, ар бир кайрылган жаран атайын журналга катталып турат.

2015-жылы мэрдин жана орун басарларынын кабыл алуусунда болгон 242 жарандардын  111нин суроо талабы канаттандырылып, 131 кайрылууга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгɵн.

Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын саны жана мүнөзү боюнча маалыматтар ар бир квартал сайын республикалык (Akipress.kg, Kabar.kg, 24.kg, Azattyk.kg ж.б.), шаардык (naryncity.kg) интернет маалымат булактарына жайгаштырылып, мэриянын стендине илинет.

Нарын шаардык мэриясынын сайты, электрондук дареги, ишеним телефону жана жарандарды кабыл алуу графиги тууралуу жарыялар жергиликтүү телевидение, «Теӊир-Тоо» гезити (№27-28 16.04.2014-ж., №3-4 21.01.2015-ж., № 3-4 26.01.2016-ж.) аркылуу калкка кулактандырылып, мэриянын залындагы жана кɵчɵдɵгү тактага жайгаштырылган.

Добавить комментарий