НАРЫН ШААРЫНЫН МЭРИ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН АРДАГЕРИ ТУКЕШ ТОКТОМУШЕВДИ КУТТУКТАДЫ

Бүгүн, 8-майда Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтомушов Тукеш атаны Жеӊиш майрамы менен куттуктады.

Ардагердин ал-абалын сураган шаар мэри Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун майрамдык куттуктоо катын окуп берди. Ошону менен бирге жалпы Нарын шаарынын элинин атынан ардагерге куттук арнап, белегин тапшырды.

Меймандарды жылуу кабыл алган Тукеш Токтомушев Кыргыз Республикасынын Президентине жана жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵ ыраазычылыгын билдирип, дасторкон үстүндɵ ак батасын берди.

Ардагерге Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 20 миӊ сом, Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 10 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Тукеш Токтомушев Нарын шаарындагы жалгыз ардагер. Андан тышкары шаарда ооруктун тɵрт ардагери бар.

Улуу Жеӊиш майрамынын алдында арабыздагы каармандыктын чыныгы үлгүсү болгон саналуу ардагерлерибизге бекем ден соолук, бактылуу карылык, бакубат жашоо каалайбыз!

Добавить комментарий