НАРЫН ШААРЫНЫН 150 ЖЫЛДЫГЫ УЛУТТУК АТ ОЮНДАРЫ МЕНЕН ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 

Бүгүн, 22-сентябрда Нарын районундагы «Кур-Терек» ат майданында Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата улуттук ат оюндары ɵткɵрүлдү.

Ошондой эле ат үстүндɵ шамалдай ойногон Кыргызстандын белгилүү каскадерлору «III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарында” кɵрсɵткɵн ɵнɵрлɵрүн тартуулап беришти.

Иш чара Нарын районунун Он-Арча, Эмгекчил, Миӊ-Булак жана Чет-Нура айылдарынын элинин колдоосу менен уюштурулуп, жогорку деӊгээлде ɵткɵрүлдү.

Спорттук иш чарада «эр эӊиш», «тай чабыш», «кунан чабыш», «жорго салыш», «аламан байге» жана «кɵк бɵрү» оюндары боюнча мелдештер болуп, буга Чүй, Ысык-Кɵл жана Нарын облустарынын командалары катышты.

Ат оюндарынын байге фондуна Нариман Түлеев жана “Токторбай ата” коомдук фондунун тɵрагасы Жолдошбек Бектурганов тарабынан 2 автоунаа коюлуп, Нарын шаардык мэриясы тарабынан 200 миӊ сом берилди.

“Тай чабышта” 11 тайдын ичинен Нарын районунун Казан-Куйган айылынан Корчубек Конокбаевдин тайы биринчи келип, 12 миӊ сомго, Токмоктон Сулайман Жамаловдун тайы экинчи келип, 7 миӊ сомго, Эмгекчилден Оболбек Мамытовдун тайы үчүнчү келип 4 миӊ сомго ээ болушту.

“Кунан чабышта” 11 кунандын ичинен Эмгек-Талаадан Турсунаалы Мамбетаитовдун кунаны биринчи чыгып, 22 миӊ сом, Ак-Талаанын Баетов айылынан Чыӊгыз Чороевдин кунаны экинчи келип, 15 миӊ сом, Нарын районунун Ак-Талаа айылынан Мырзабек Үркүнбаевдин кунаны үчүнчү келип 8 миӊ сом байге алышты.

“Жорго салышта” 11 жоргонун ичинен Ысык-Кɵл облусунун Боз-Тери айылынан Каныбек Адамалиевдин жоргосу биринчи болуп, 45 миӊ сом, Ат-Башы районунан Жаӊыбай Асанбековдун жоргосу экинчи келип, 30 миӊ сом, Ысык-Кɵлдүн Жети-Ѳгүз районунан Дамир Акуновдун жоргосу үчүнчү келип, 15 миӊ сом ɵлчɵмүндɵгү сыйлыкка татыктуу болду.

“Аламан байгеде” 10 күлүктүн ичинен Эмгек-Талаа айылынан Турсунаалы Мамбетаитовдун күлүгү баш байгеге коюлган автоунааны жеӊип алды. Экинчи орунду ушул эле саяпкердин дагы бир күлүгү камсыздап, 50 миӊ сомдук сыйлыкка арзыды. Ал эми үчүнчү орунга Казан-Куйган айылынан Корчубек Конокбаевдин кунаны татыктуу болуп, 30 миӊ сомдук байгени жеӊип алды. Жаш болсо да чыгаан күлүктɵрдɵн байге талашкан бул кунандын келечеги кенен экендигин калыстар белгилешти.

“Кɵк бɵрү” оюнуна 8 команда катышып, баш байгеге коюлган автоунаанын бирин Эмгек-Талаа айылынын кɵк бɵрүчүлɵрү жеӊип алды. Экинчи орунга Долон командасы (25 миӊ сом), үчүнчү орунга Тынымсейит командасы (20 миӊ сом), тɵртүнчү орунга Жумгал командасы (10 миӊ сом) татыктуу болушту.

Ал эми “эр эӊиште” 70 килге чейинки салмактагылар арасында бардык атаандаштарын жеӊген Ак-Талаа районунун Куртка айылынын балбаны Чолпонбек Темирбек уулу чемпион аталды. Ошондой эле 90 килдик салмактагылар арасында Куртка айылынан Максат Байбутɵшов жана Ат-Башы районунан Токтонаалы уулу Жекшен ɵз атаандаштарын жеӊип чыгып, ар бири 2 миӊ сомдон сыйлык алышты.

Нарын шаардык мэриясынын маалымат-кызматы.

Добавить комментарий