НАРЫН ШААРЫНЫН 2014-2017-ЖЫЛДАРГА ӨНҮКТҮРҮҮ ЖОЛ КАРТАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга Ѳнүктүрүү Жол картасынын жыйынтыктары боюнча облустук семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Борбордук Азия Университетинин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана борбордук аймакта жайгашкан “Смарт-паркты” көргөзүү уюштурулду.

Облустук семинардын жыйынтыгы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде болуп өттү.

Анда Нарын шаарынын негизделиши, тарыхы жана азыркы учурдагы экономикалык-социалдык абалы тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.

Мындан сырткары Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов 4 жылдык программанын негизинде калктын жашоо дэңгээлин жакшыртуу, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу жана башка ишке ашкан долбоорлор боюнча элге жана келген меймандарга маалымат берип өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Нарын шаарынын күнүнө карата жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн, айрым муниципалдык кызматкерлер КР Ѳкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин “Муниципалдык кызматтын мыктысы” төш белгилери жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми КРѲ облустагы өкүлү А.Кайыпов Нарын облусунун “Ардактуу атуулу” наамдарын тапшырды.

Добавить комментарий