НАРЫН ШААРЫ КЫШ МАЙРАМДАРЫНА ДАЯР

Башка жылдардагыдай эле быйыл дагы кыш майрамында элге майрамдык маанай тартуулоо максатында Нарын шаарынын борбордук аянтына бийиктиги 13 метрлик балаты коюлуп, шаар ичи жасалгаланды.

Жаӊы жылдык балаты жана шаарды жасалгалоо иштери үчүн «Таза Нарын» ишканасына жергиликтүү бюджеттен 220 миӊ сом бɵлүнүп берилди.

Ал эми шаар калкынын кышкы эс алуусуна арналган иш чаралар 28-декабрда Т. Токтосунов атындагы жабык муз аянтында «Кɵӊүлдүү старт» оюндары менен башталса, 29-декабрда Нарын канаттык-бугилдик жолунда «Нарын кышы-2019» кышкы оюн-зоок программалары менен ачылмакчы.

Келип эс алып, аяздагы майрамдык эс алуу күндɵрүн жана кышкы каникулду кɵӊүлдүү ɵткɵрүӊүздɵр!!!

Добавить комментарий