НАРЫН ШААРЫ “III ДҮЙНѲЛҮК КѲЧМѲНДѲР ОЮНДАРЫНА” ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУДА.

“III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарын” ɵткɵрүү ишине Нарын шаары да жигердүү катышууда.

Кырчын жайлоосуна Нарын шаарынан беш боз үй алып барылса, алардын бири-кол ɵнɵрчү Бурулкан Тɵлɵгɵнованын жүз баштуу боз үйү “Хан ордодон” орун алып, калгандары меймандарды күтүп алууга даярдалууда.

“III Дүйнɵлүк кɵчмɵндɵр оюндарынын” 3-4-5-сентябрда ɵткɵрүлүүчү “Кɵчмɵндɵр жаӊырыгы” кароо-сынагында Нарын шаарынан “Жасалгалуу боз үй”, “Улуттук бий” жана “Ѳрмɵк согуу” номинациялары боюнча катышуучулар ɵнɵр ɵзгɵчɵлүктɵрүн кɵрсɵтмɵкчү.

“Жасалгалуу боз үй” номинациясы боюнча Б. Тɵлɵгɵнованын жасалгалуу жүз баштуу боз үйү, “Улуттук бий” номинациясы боюнча М. Рыскулов атындагы академиялык-музыкалуу драма театрынын кызматкери Азатбек Эшимкановдун бийи, “Ѳрмɵк согуу” номинациясы боюнча памирлик боордоштордун ɵрмɵк согуудагы ɵзгɵчɵлүгү сынакка коюлмакчы.

Добавить комментарий