НЕВРОЛОГИЯ БѲЛҮМҮНѲ ДЕМѲѲРЧҮЛҮК КОЛДОО КѲРСѲТҮЛДҮ

Бүгүн Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ангионеврология бɵлүмүнɵ Нарын шаарынын тургуну Нурген Абдраев тарабынан кɵп функциялуу кровать тапшырылды.

Нурген бул кайрымдуулукту жакында дүйнɵдɵн ɵтүп кеткен Кыргыз Республикасынын Гербинин автору Асеин Абдраев атасынын жаркын элесине арнап жасаганын айтты.

Айтымында оор салмактагы оорулуу адамга абдан ыӊгайлуу болгон бул буюмду Москвадан 72 миӊ рублге алдырган.

Ал мындан ары да колунан келишинче медициналык жабдуулардан жардам берип тураарын билдирди.

Облустук оорукананын жетекчилиги жаш демɵɵрчүгɵ тереӊ ыраазылык билдирип, бул кроватка жатып дарыланып кеткен адамдардын батасы тийсин дешти.

Добавить комментарий