Ноорузга даярдыктар башталды

Нарын шаарында улуу Нооруз майрамына даярдыктар башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет. 21-март күнү майрамдык иш чара Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында эртен мененки саат 10-00 до башталат. Ага карата театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программаларга даярдыктар 16-марттан тартып көрүлүүдө.

Репитициянын графигине ылайык борбордук аянтта транспорт кыймылы убактылуу  токтотулуп турмакчы. Мындан сырткары,  Нооруз күнү шаар тургундарына жана меймандарына көжө жана сүмөлөк улуттук тамак-аштары таратылып, улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк жарманкеси өткөрүлөт.

Борбордук аянттагы майрам менен катар эле “Ала-Тоо” стадионунда спорттун аркан тартыш, кол күрөш, чоюн көтөрүү, ордо жана башка түрлөр боюнча  мелдештер уюштурулат. Ошондой эле майрамдын кечки бөлүгү саат 18-00 дан баштап улантылат.

Добавить комментарий