Нооруз – берекенин, сабырдуулуктун, тазалыктын, ынтымактын жана кечиримдүүлүктүн майрамы

Таң эрте  21-март, Нооруз күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында патриоттук ырлардын  жаңыруусу, шаар тургундарынын борбордук аянтка агылып келиши, кышы узакка созулган Нарынга жаздын келишинен кабарлап турду.

Нарын шаарында Ноорузга арналган майрамдык иш чаранын салтанаттуу  бөлүгү саат  10-00 до шаар мэри Э.Алымкуловдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу менен башталды. Анда шаар башчысы жаратылыштын жаңылануусун, жандануусун жар салган, кыргыз элибиздин тарыхы менен бирге кылым карыткан, ыйык Нооруз майрамы менен шаар тургундарын жана меймандарын куттуктады. “Быйылкы кыш узакка созулуп, жааган калың кар кыймылдабай жатса да, жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин, алдыбыздагы турган милдеттерди аткарууда ишибизди ийгиликтер коштоп, элибиздин үмүт тилектери акталып, ушул жылы өлкөбүз, анын ичиндеги кичинекей шаарыбыз өнүгүп-өсүүнүн кана үстүндө болуусуна тилектешмин”, — деп билдирди шаар өз куттуктоосунда башчысы.

Тениртоолуктардын Нооруз майрамын белгилөө боюнча иш чарасына КРѲ аппарат жетекчиси – министр А.Осмоналиев катышып, куттуктоосун айтып, аруу тилектерин жолдоду. Ѳкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов жана район жетекчилиги да шаар тургундарына майрамдык маанай, бакубат жашоо каалап өтүштү.Иш чарада театрлаштырылган оюн-зоок тартууланып, чоң программадагы  концерт  менен коштолду.Майрамдын жүрүшүндө Нооруз майрамынын негизги символу болгон сүмөлөк жана көжө борбордук аянтка келген адамдарга таратылды.

Добавить комментарий