САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫНДА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ.

Бүгүн, 23-январда Нарын облустук үй-бүлɵлүк медицина борборунда жана Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵлдɵɵ борборунда жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Отчетук жыйынга Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова катышып, саламаттыкты сактоо тармагындагы аткарылган иштерге баа берүү менен айрым кемчиликтерди жоюу милдеттерин койду.

Тармактагы айрым кɵрсɵткүчтɵргɵ токтолсок, Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык жардам кɵрсɵтүүдɵ 1 Үй-бүлɵлүк медицина борбору, 5 Үй-бүлɵлүк дарыгерлер топтору жана 1 медициналык тез жардам бɵлүмү кызмат кɵрсɵтɵт. Аталган мекемелерде 38 дарыгер, 101 орто медицина кызматкери жана 10 кенже санитардык кызматкерлер эмгектенип, дарыгерлер менен камсыз болуу 83,6 пайызды түзɵт.

Жыл ичинде Үй-бүлɵлүк медицина борборунда 181 569 кабыл алуу болуп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 3252 учурга, ал эми 11 279 жолу оорулууларга үйдɵн жардам кɵрсɵтүлүп, 238 учурга азайган.

2018-жылдын 12 айында 941 бала тɵрɵлүп, ɵткɵн жылга салыштырмалуу 99 балага аз болгон. 14 жашка чейинки балдардын ɵлүмүнүн 12 учуру катталып, былтыркы жылга караганда 12 учурга азайган. Ал эми 1 жашка чейинки ɵлгɵн балдардын саны 17 учурдан 10 учурга кыскарган. Ошондой эле жыл ичинде 2 эненин ɵлүмү катталган.

Оорулар боюнча алсак, гипертония оорусунун 1932 учуру катталып, 105 учурга кɵбɵйгɵн. Ал эми аз кандуулук менен 1654 адам катталып, 145 учурга азайган.

Жугуштуу оорулар боюнча дифтерия, брюшной тиф, паратиф, тениаринхоз, амебиоз, энцефалит, кутурма, кɵк жɵтɵл, менингит, кызылча ооруларында ɵсүш болгон эмес. Бруцеллез 1,7, сарык оорулары 1,8 эсеге азайган. Ал эми ОРВИ, дизентерия, ОКИ сыяктуу инфекциялык оорулардын кɵрсɵткүчтɵрү жогорулаган. ВИЧ/СПИД оорусу менен 22 учур каттоого алынса, 3 учуру жаӊы табылган. Ал эми кургак учук оорусу менен 81 адам каттоодо турса, 32 учуру жаӊы катталган.

Жыйында жыл ичинде кетирилген кемчиликтердин себептери иликтенип, жаӊы жылга бир катар милдеттер белгиленди.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы негизги кɵйгɵйлɵр катары дарыгерлердин жетишсиздиги, электрондук саламаттыкты сактоого ɵтүш үчүн техникалык жабдуулардын зарылдыгы, медицина кызматкерлеринин компьютердик сабатсыздыгын жоюу, заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, тез жардам бɵлүмүнɵ имарат куруу, Нарын облустук Үй-бүлɵлүк медицина борборунун имаратынын чатырын реконструкциялоо жана дубалдарын жылуулоо маселелери жыйында ортого салынды.

Добавить комментарий