Советтик аскерлердин Афган жергесинен чыгарылгандыгынын 26 жылдыгына карата Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин сүйлɵгɵн сɵзү – Нарын шаардык мэриясы

Урматтуу Афган согушунун ардагерлери!

Урматтуу иш-чаранын катышуучулары!

Он жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийликтин жогорку эшелону тарабынан кабыл алынган, ойлонулбаган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлери азап чегишти. Каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла элек.

XX кылымдагы эки дүйнөлүк держава – СССР менен АКШнын ортосундагы “Кансыз согуштун” эң эле кандуу согуштарынын бири болгон Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн 9 жыл 11 ай жана 19 күн кан кечип, согушуп келген Советтик Армиянын бул өлкөдөн чыгарылгандыгына ушул жылдын 15-февралында туура 26 жыл толот.

Ошол алаамат  согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп, мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр – азаматтарыбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дартка айланды. Мекендештерибиз  жакындарынан – уулунан, бир туугандарынан, аталарынан ажырады.

Кыргыз жергесинен бул согушка 7141 жоокер жɵнɵтүлүп,  алардын ичинен  252  жоокер баатырларча курман болуп, 585 жоокер майып болуп кайтышса,                4 жоокер дайынсыз жоголгон, ал эми канчалаган жоокерлер согушта алган жаракаттарынын кесепетинен бүгүнкү күнгɵ чейин каза болуп жатышкан болсо, биздин чакан шаарыбыздан эле 100дɵн ашык боордошторубуздун ичинен 2ɵɵ Афган жеринде курман болушуп, 9у ɵз жерине келгенден кийин кɵз жумушкан.

Ал эми ошол кезде башка өлкөлөрдө аскердик окуу жайларда окуп, аскердик кызмат өтөп же жумуш иштеп жүрүп Афганистанга согушка жөнөгөн кыргызстандык жигиттердин так эсеби бүгүнкү күнгө чейин тактала элек. Өкүнүчтүүсү Афган согушуна катышкандардын ичинен бул дүйнө менен кош айтышкандардын саны жыл санап өсүүдө.

Кыргызстан эли үчүн өткөн 26 жыл оор сыноолордун мезгили болду.  Бирок өлкө башына кыйынчылык түшкөндө – Баткен окуяларында, 2010-жылдын апрель жана июнунда  жоокер – афганчылар биринчи болуп ɵз ыктыяры менен жардамга барып жатышты/ 

Урматтуу жоокер-интернационалчылар!

Сиздердин эрдигиӊиздер, патриоттуулугуӊуздар жана басып ɵткɵн жолуӊуздар тарыхта, ɵсүп келе жаткан муунга эч бир кайталангыс үлгү катары кала бермекчи жана жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо, Согуш маалындагы жашоону, Жеңиштин баасын жана бул тынч күндүн баркын ɵсүп келе жаткан муунга түшүндүрүү үчүн Сиздердин арабызда болууӊуздар зарыл экендигин билдиргим келет.

Биз бүгүн ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз!

Элибиз өз баатыр уулдарын унутпайт. Алардын жаркын элестери ар дайым жүрөктүн тереңинде сакталып турат.

Бардыгыӊыздарга чыӊ ден соолук, жашоодогу жаӊы жеӊиштерди, бакты-таалай, тынчтык, ачык асман, ынтымак жана бакубат турмуш каалаймын! Жерибиз, элибиз гүлдөп өнүгө берсин!

 

Добавить комментарий