СУУ ТҮТҮКТѲРҮ АЛМАШЫЛЫП ЖАТКАНДЫКТАН НАРЫН ШААРЫНЫН БОРБОРДУК АЙМАГЫНДА УБАКТЫЛУУ ЖЫЛУУЛУК ТОКТОТУЛАТ.

Нарын шаарында Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорунун» негизинде Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵ негизги жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндɵ таза суу түтүктɵрүнүн 85 пайызы алмаштырылып, дагы 200 метрден ашык казылуучу жер калган. Ошондон кийин таза суу жаӊы түтүктɵр аркылуу берилмекчи.

Бирок казуу иштери башталгандан бери, айрыкча акыркы күндɵрү эскилиги жеткен таза суу түтүктɵрү улам бир жеринен жарылып, ичүүчү суу үзгүлтүккɵ учурап, элди ыӊгайсыз абалга дуушар кылды. Суунун токтоп калышы баарынан мурда жылуулук берүү системасынын иштɵɵсүнɵ чоӊ тоскоолдук жаратууда. Аба ырайынын тез муздап кеткендигине байланыштуу быйыл шаардагы жылытуу системасы 16-октябрдан тартып бериле баштаган.

Ушул кɵйгɵйдү чечип алуу максатында Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун буйругу менен 29-октябрдан 10-ноябрга чейин шаардын Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жолго чейинки аймагында жылытуу системасы убактылуу токтотулду. Бул мезгил аралыгында Ж. Шералиев кɵчɵсүндɵгү калган таза суу түтүктɵрү жаӊысына алмаштырылып, таза суу жаӊы түтүктɵр аркылуу бериле баштоосу зарыл. Эгер бул маселени азыр чечип, сууну жаӊы түтүктɵр менен бере баштабаса кышында улам бир жерден жарылуулар болуп, чоӊ кɵйгɵйлɵр жаралат дешет адистер.

Бул тууралуу бүгүн Нарын шаардык мэриясында маалымат-жыйын ɵткɵрүлүп, журналисттерге абал түшүндүрүлдү.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов: «Бүгүн адистер менен кеӊешип, алдыдагы эки жумада болуучу аба ырайын, балдардын күзгү каникулун жана ноябрь айынын башындагы майрамдык эс алуу күндɵрүн эске алуу менен ушундай чечим кабыл алууга аргасыз болдук. Себеби жылуулук берүүнү токтото туруп, Суу канал жана подряддык ишканалар менен күнү-түнү иштеп, таза сууну жаӊы түтүктɵргɵ кошуп албасак кышында эски түтүктɵр менен чыга алчудай эмеспиз. Жер алдындагы эскилиги жеткен түтүктɵр казуу иштеринен улам козголуп, ар кайсы жеринен жарылып атат. Ошондуктан элибиз бул абалды туура түшүнɵт деген ишеничтебиз. Бул кырдаалдын РТС, Московский, Тɵш-Булак аймактарына тиешеси жок. Болгону шаардын Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жолго чейинки аймактарында жылуулук берүү убактылуу токтотулат»,-деп билдирди.

Жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси Улан Айтиев билдиргендей, ишканадагы 31 отказандын 21и токтотулуп, 10у иштей берет.

Тактап айтканда, Ат-Башы кɵчɵсүнɵн Жаӊы-Жол аймагына чейинки В. П. Чкалов, Т. Сатылганов, Э. Ибраев, К. Жакыпов, Ж. Шералиев атындагы мектептерде, «Ынтымак», «Бактылуу балалык» балдар бакчаларында, 102, 103, 75, 79-үйлɵрдɵ, Чек ара аскер бɵлүгүнүн, батальондун үйлɵрүндɵ жана 4 мекемеде жылуулук токтотулат.

Бул күндɵрү авариялык абал болбосо таза суу үзгүлтүксүз бериле берет. Эгер суу түтүктɵрүн кошууга байланыштуу ичүүчү суу токтотула турган болсо алдын ала маалымдалат.

Түзүлгɵн кырдаал боюнча кечирим сурайбыз жана шаардын эли туура түшүнɵт деген ишеничтебиз.

Добавить комментарий