ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ КСДП ПАРТИЯСЫНДА

Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүрүп жаткан «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» акциясы партиялар, коомдук уюмдар тарабынан да ыктыярдуу колдоого алынууда.

Кечээ, 9-май күнү КСДП партиясынын мүчɵлɵрү жана Нарын шаардык Кеӊешинин КСДП фракциясынын депутаттары Улуу Жеӊиш күнүнүн урматына жана Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата шаардагы Ж. Акималиев атындагы паркты ирээтке келтирип беришти.

Акциянын алкагында аталган парктын ичи тазаланып, 600 метрден ашык аянтты ээлеген темир тосмолору сырдалып, түнкү жарыктары коюлду.

Бул иштерге 42 миӊ сомдун тегерегиндеги каражат жумшалып, партия мүчɵлɵрү ɵз чɵнтɵктɵрүнɵн чыгарышты.

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан демилгеленген тазалык акциясы башка коомдук уюмдар тарабынан да колдоого алынат деген ишеничтебиз.

Добавить комментарий