ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ СОЦИАЛДЫК ѲНҮГҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНДА

Бүгүн Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар ортосунда жүргүзүлүп жаткан  «Тазалык-ɵнүгүүнүн башаты» эстафетасы Социалдык ɵнүгүү башкармалыгы тарабынан улантылып, аталган башкармалыктын эмгек жамааты РТС аймагындагы «Ынтымак» гүлбагын таштандылардан арылтып, тосмолорун, отургучтарын сырдап, ирээтке келтирип беришти.

Башкармалыктын башчысы Жеӊиш Мамбетказиевдин айтымында, гүлбакты тазалоодо бир тоннадан ашык таштанды чыгарылып, сырдоо жумуштарына 11 миӊ сомго жакын каражат жумшалган.

Акциянын эстафетасы салтка айлангандай салтанаттуу кырдаалда жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнүн, аймактын тургундарынын жана жамааттардын катышуусунда Финансы башкармалыгынын эмгек жамаатына ɵткɵрүлүп берилди.

Иш чарада бул демилге шаарды кɵрктɵндүрүүгɵ гана салым кошпостон жамааттарды ынтымакка чакырып жаткандыгы дагы бир ирет баса белгиленди.

 

 

 

Добавить комментарий