ТАРТИП КАТУУ КАРАЛЫП, СУРОО ТАЛАПТАР СУРАЛАТ. МЭР К. ТУТУЕВ ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ ТИЙИШТҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕ ИШТӨӨНҮ ЭСКЕРТТИ

Нарын шаарынын мэри Каболот Тутуев мекеме-ишкана жетекчилери менен жыйын өтүп, шаар аймагындагы жүрүп жаткан иштерге кайдыгер болбой, коюлган иш тапшырмаларды жеткиликтүү аткарып, көп кабаттуу турак жайларда жашаган кызматкерлер фасаддарын жакшыртууга карата жасалып жаткан иштерге кошулууга, көрнөк жарнактарды жаңыртууну, жетекчилер өз ара ынтымакта тыгыз байланышта иш алып барып, бир максатта, шаар үчүн ак кызмат кылууга чакырды.Мекеме-ишкана жетекчилерине, жетекчи катары мекемелердин ишин жакшыртып, өз алдынча долбоорлорду ишке ашырууну тапшырып, аткарылбаса кызматтык чара көрүлөөрүн эскертип, ишканалардын ишин жакшыртууга багытталган долбоорлорду даярдоону тездетүүнү айтып, буга өзү көзөмөл кылаарын айтты.К. Тутуев берилген тапшырмаларды аткаруу жай жүрөөрүн сындап, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу идеялары менен келүүгө чакырды.Шаардагы айрым маселелерди чечүүгө жеке каражатынан салым кошуп жаткан жетекчилерди атап, өз ыраазычылыгын айтып, шаардын көркү үчүн салган инвестиция жергиликтүү жашоочулар үчүн пайдалуу болчуу иштерге жумшалгандыгын маалымдады.Жыйында айрым тапшырмаларды жана өзгөчө кырдаал катталган учурда тийиштүү аракеттерди көрбөгөн жетекчилерге эскертүү, сөгүш чаралары көрүлдү.Ошондой эле шаарга толук сугат суу жеткирүүнү, таштанды челектеринин айланасын жакшыртып, тазалыкка чакырган жазууларды жазууну, кызыл сызыкка чыгып жер коругандар менен иш алып барууну жакшыртууну, Сагынбай Орозбаков көчөсүн мыйзамсыз корулган обьектилердин тазалоону тийиштүү тараптарга тапшырды.

Добавить комментарий