ТАШТАНДЫНЫ СОРТТОО ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ИДЕЯЛАРЫН ИШКЕ АШЫРУУГА АРАКЕТТЕР КӨРҮЛӨТ

Нарын шаарынын мэр Самарбек Болотбеков “Таза Нарын” муниципалдык  ишканасынын жетекчиси Алмаз Суранов менен  “ Карга жайлоо” таштанды полигонуна барып, абалы менен таанышты.

Шаар башчысы жарандардын ташанды таштоо маданиятын жогорулатууга  максатында иштерди алып баруу менен,  турмуш тиричилик калдыктарын сорттоп чогултуу колго алууну тапшырып, ошол эле учурда таштандыны кайра иштетүү багытында иш алып баруу учурдун талабы экендигин белгилеп, бул багытта  иш алып барууну айтты.

Карга жайлоо таштанды полигонуна Нарын шаарынын чыккан таштандыларды  төгүү 1983-жылдан бери жүрүп келет. Атайын техниканын жардамы менен жумасына 2 жолу  рекультивациялоо жүргүзулөт.

Добавить комментарий