ТАШТАНДЫ ТҮЙҮНДӨРҮНҮН АЙЛАНАСЫ ТОСУЛУУДА

Бүгүнкү күндө Нарын шаарындагы таштанды төгүлүүчү жайларда тазалыкты камсыздоо жана шаардын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында таштанды түйүндөрүнүн айланасын темир тосмолор менен тосуу жумуштары жүрүп жатат.

Жергиликтүү бюджеттен 445 миң сом бөлүнүп берилип, бул каражатка борбордук көчөдөгү 22 таштанды түйүнү темир тосмолор менен тосулмакчы.

Белгилей кетсек, бөлүнгөн каражатка керектүү курулуш материалдары гана алынып, калган бардык жумуштары “Таза Нарын” ишканасынын алдындагы ширетүү цехинде ишкананын жумушчулары тарабынан жасалууда. Кечээтен баштап тосмолор мерчемдүү жерлерге коюла баштады.

Добавить комментарий