ТЕЙЛѲѲ ИШКАНАЛАРЫНДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕРГЕ БАА БЕРИЛИП, ЖАӉЫ МИЛДЕТТЕР БЕЛГИЛЕНДИ

17-январда Нарын шаарындагы «Таза Нарын», Нарын суу-канал жана Нарын жылуулук берүү ишканаларында жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды.

Жыйындарга Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышып, шаарды тейлеген коммуналдык ишканалардын иштеген ишине баа берди. Иштеги жетишкендиктерди жана кемчиликтерди белгиледи. Ошондой эле жамааттар менен баарлашып, кɵйгɵйлүү маселелерин укту.

Аткарылган иштердин негизгилерине токтолсок, «Таза Нарын» ишканасы тарабынан шаардагы 225 жердеги 228 таштанды челектеринен күнүгɵ 9 маршрут боюнча 3-4 рейстен таштанды чыгарылып, 12 ай ичинде 47610 метр куб таштанды тазаланган. Шаардагы 88 кɵпүрɵнүн 10у оӊдолгон. Кɵп кабаттуу турак үйлɵрдүн сырты акталып, сырдалып, Ленин кɵчɵсүндɵгү №17-үйгɵ ажааткана курулуп берилген. 23 ички кɵчɵгɵ шагыл тɵгүлүп, 10 кɵчɵ автогрейдер менен түртүлүп, түздɵлгɵн. 38 таштанды тɵгүүчү челектер жаӊыларына алмаштырылган. Шаар ичин жарыктандыруу максатында 534 заманбап түнкү чырактар түркүктɵрү менен орнотулуп, эски фонарлар ички кɵчɵлɵргɵ коюлуп берилген. Жыл ичинде билим берүү мекемелеринин тушуна жана мерчемдүү жерлерге 70 жол белгиси орнотулуп, чийиндер чийилген. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен ишканага 2 КамАЗ, 1 жүк жүктɵɵчү трактор алынган.

Шаар ичин жашылдандыруу, кɵрктɵндүрүү максатында бак-дарактардын 24251, гүлдүн 26396 түп кɵчɵттɵрү отургузулуп, багып-ɵстүрүлгɵн. Т. Пудовкин атындагы сейил бак жана Жаштар паркы реконструкцияланып, ишке берилген. 16 чакырым арыктар тазаланып, жол жээгиндеги жана парктардагы бак-дарактар, чɵптɵр мезгил-мезгили менен тегизделип, ирээттелген. Шаар аралаган мал жандыктарын тартипке салуу максатында 115 баш уй, 31 баш жылкы камалып, мал ээлерине чаралар кɵрүлгɵн.

Нарын суу-канал ишканасы шаардагы 9139 түтүн калкты же 28518 шаар тургундарын, 307 мекеме-ишкананы суу-канализация системасы менен камсыздайт.

Белгилүү болгондой, аталган ишкана тарабынан жыл ичинде катардагы жумуштардан сырткары 3 чоӊ долбоор менен максатуу иш алып барылган. Алардын негизгиси: Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкы каржылаган «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоору. Долбоордун алкагында 6 килоемтр таза суу жана 2,3 километр канализация түтүктɵрү алмаштырылган. Жаӊы техникалар алынып, ишкананын административдик имаратынын курулуш иши жүрүп жатат.

Долбоордун курулуш иштерине байланыштуу 83 жолу олуттуу жарылуулар болуп, ар кайсы диаметрдеги 71 метр суу түтүктɵрү алмаштырылып калыбына келтирилген. Ал эми канализация тутумдарында жыл башынан бери 143 тыгындар тазаланган.

Ошондой эле БУУнун бүткүл дүйнɵлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен 7770 километр таза суу түтүктɵрү тартылган.

Ал эми Бишкек-Торугарт автожол долбоорунун алкагында Жайлообак аймагында 1 километр таза суу түтүктɵрү киргизилген.

Нарын жылуулук ишканасында бардыгы 31 откана болсо, мунун ичинен 25 откана электр энергиясы, 6 откана кɵмүр менен иштейт. Бардыгы 98 кɵп кабаттуу үйлɵрдү, 48 менчик үйлɵрдү, республикалык жана жергиликтүү бюджеттеги 42 мекеме-ишкананы, 5 жана башка керектɵɵчүлɵрдү жылуулук менен камсыз кылат. Күз-кыш мезгилине карата жылуулук трассаларында ремонт иштери жүргүзүлүп, жылуулук 2018-жылдын 16-октябрынан тартып бериле баштаган.

Отчеттук жыйындарда шаар мэри тарабынан коммуналдык ишканалардын ар бирине иштин сапатын жакшыртуу максатындагы тапшырмалар берилип, жаӊы жылга жаӊы милдеттер белгиленди

Добавить комментарий