Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн, 20-мартта Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында «Тиричилик-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү» белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Анда шаар мэри Р.Адиев ары түйшүктүү кесипти аркалып келаткан кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын ишине ийгиликтерди каалады.

Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин, суу-канал, «Таза-Нарын», жылуулук берүү ишканаларынын 12 кызматкери, Нарын шаарынын калкынын сапаттуу коммуналдык чарбалык тейлɵɵсүнɵ кошкон жигердүү салымы үчүн жана аталган майрамдын урматына карата мэриянын жана Кеӊештин Ардак грамоталары менен сыйланышса, жыл бою ɵзүнүн ишин артыкчылык менен аткарган 10 кызматкерге ар бирине 500 сом ɵлчɵмүндɵ акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндɵ Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн Ардак грамоталары да берилип, мекеме жетекчилер тарабынан каалоо-тилектер жолдонду.

Белгилей кетсек, учурда «Таза-Нарын» ишканасында 93, жашылдандыруу мекемесинде 25, жылуулук берүү ишканасында 160, ал эми суу-канал мекемесинде 80 кызматкер шаар элине коммуналдык кызмат кɵрсɵтүп эмгек кылышууда.

Добавить комментарий