Тротуарлар жаӊырып, арыктар орнотулууда

Нарын шаарынын Ленин кɵчɵсүнүн түштүк тарабындагы Шуллер кɵчɵсүнɵн Таалай кɵчɵсүнɵ чейинки аралыктагы тротуарлардын арыктарына темир бетон лотоктору жаткызылып, тротуарларга брусчатка плиткаларын тɵшɵɵ иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Тендерден уткан «Регом» ЖЧКсы 4 594 994 сом акча каражатына жогорудагы жумуштарды ишке ашырууда, бүгүнкү күндɵ аванса катары республикалык бюджеттен 1 340 400 сом, жергиликтүү бюджеттен ɵздүк салам катары 496 437 же жалпы 1 836 837 сом акча каражаты которулуп берилип, курулуш иштери кызуу жүргүзүлүүдɵ.

Учурда 600 метр арык орнотчу жана 1000 кв.метр оӊдоп-түздɵɵдɵн ɵтчү аралыктагы жумуштар 35 % аяктап калды.

Добавить комментарий