«УЛУУ ЖЕӉИШКЕ 70 ЖЫЛ» СЕЙИЛ БАГЫ КѲРКТѲНДҮРҮЛДҮ

Нарын шаарындагы коомдук жайларды ирээтке келтирүүнү максат кылган «Шаарымды сүйүү тазалыктан башталат» аттуу тазалык марафонун бул жолу Финансы башкармалыгынын эмгек жамааты колдоого алды.

Бүгүн, 3-майда жамааттын аракети менен Нарын шаарындагы «Улуу Жеӊишке 70 жыл» аталышындагы сейил бактын темир тосмолору, отургучтары сырдалып, кɵрккɵ келтирилди. Сырдоо жумуштарына 10 миӊ сомго жакын каражат жумшалды.

Иш кезеги Нарын шаардык салык инспекциясына ɵткɵрүлүп берилди.

Добавить комментарий