УЛУУ ЖЕӉИШ МАЙРАМЫ ЧОӉ САЛТАНАТ МЕНЕН БЕЛГИЛЕНДИ.

Бүгүн, 9-май күнү Нарын шаарында Улуу Жеӊиш майрамынын 73 жылдыгы чоӊ салтанат менен белгиленди.

Таӊ эрте «Улуу Жеӊиштин 70 жылдыгы» атындагы сейил бактагы  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелик-монументине жетекчилердин, ардагерлердин жана коомчулуктун катышуусунда гүлчамбарлар коюлуп, алардын арбагына таазим этилди.

Мындан соӊ Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери баштаган шаардын жалпы коомчулугу ардагер аталарыбыздын сүрɵттɵрүн кɵтɵрүп «Тянь-Шань» паркына чейин «Ѳлбɵс полк» жɵɵ жүрүшүн жасашты.

Паркта Улуу Жеӊиштин 73 жылдыгына карата митинг ɵткɵрүлүп, согушта курман болгон жоокерлерге жана кɵзү ɵтүп кеткен ардагерлерибизге арналып куран окулуп, арабыздагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине таазим кылынды.

Майрамдык иш чараны ачкан Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов  ардагерлерди жана жалпы коомчулукту Улуу Жеӊиш күнү менен куттуктап, каардуу согушта Совет эли 27 миллион адамынан ажырап, алардын арасында 360 миӊден ашык мекендештерибиз баатырларча салгылашканын, немецтик-фашисттик согушта кɵрсɵткɵн каармандыгы  үчүн Кыргызстандан 150 миӊден ашуун жоокерлер жана командирлер орден, медалдар менен сыйланса, 22 жердешибиз «Даӊк» орденинин толук кавалери болуп, 73 жоокерге «Советтер Союзунун Баатыры» деген  жогорку наам ыйгарылганын,  Теӊир Тоодон Дайыр Асанов жана Анварбек Чортеков аталарыбыз «Советтер Союзунун Баатыры» болушканын сыймыктануу менен белгиледи.

Ошондой эле оорукта эмгектенген элдин оор түйшүгүнɵ токтолуу менен: «Биз согушту арабызда турган эр жүрɵк, киндик каны тамган жер үчүн кашык каны калганча салгылашкан мекенчил аталарыбыздын баатырдыгы, ооруктагылардын чыдамкай эрки менен жеӊгенбиз. Улуу Жеӊиш миллиондогон адамдардын кырчындай ɵмүрү, кɵз жашы, кайгы-муӊу менен келген. Ошол каардуу жана катаал согуш тагы миӊдеген жүрɵктɵрдү ɵмүр бою  жаралап жүрүп ɵткɵн…Азыр да ардагерлерибиздин кɵз алдынан ошол каардуу күндɵрдүн элеси тасмадай чубалып ɵтүп жаткандыр… Биз арабыздагы баатырдыктын чыныгы үлгүсү, тарыхый Улуу окуянын каармандары болгон ардагерлерибизди күн сайын даӊазалоого, алардын мекен үчүн, биз үчүн жана келечек үчүн жасаган эрдиктерине таазим этүүгɵ милдеттүүбүз! Согушта курман болгон жана арабыздан кɵзү этип кеткен ардагерлерибиздин элеси эч качан унутулбайт! Аталарыбыз белек кылган тынчтык күндүн кадырына жетип, ɵлкɵбүздү, облусубузду, шаарыбызды гүлдɵтүп ɵнүктүрүү алардын алдындагы биздин ыйык парзыбыз!»,-деп билдирип, ардагерлерге ден соолук, узун ɵмүр, эл-жерибизге тынчтык, ачык асман каалады.

Мындан соӊ салтанаттуу иш чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Алмасбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев, Нарын шаардык Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тукеш Токтомушев, ооруктун ардагери Жанабил Абдырахманов, Кыргыз Республикасынын Ардагерлер Кеӊешинин мүчɵсү, генерал  Мелис Бекбоев жана башкалар майрамдык куттуктоо сɵздɵрүн сүйлɵп, Улуу Жеӊиштин маани-маӊызына токтолуп, ардагерлерге таазим кылышты.

Мындан кийин Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине аскердик ботко берилип, Нарын шаардык маданият бɵлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа туртууланды.

Бүгүнкү күндɵ Нарын шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун бир ардагери жана ооруктун беш ардагери бар.

Улуу Жеӊиш күнүнɵ карата шаардагы ардагерлерге жергиликтүү бюджеттен 39 миӊ сом бɵлүнүп, майрамдык иш чараны уюштурууга жана сый-белектерге жумшалды.

Добавить комментарий