«УЛУУ МАЙРАМ БИЗДИН КАЙГЫБЫЗ ДАГЫ, САЛТАНАТЫБЫЗ ДАГЫ» — ШААР МЭРИ Э.АЛЫМКУЛОВ

Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган майрамдын негизги бөлүгү “Тянь-Шань” паркында эскерүү митинги менен улантылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Анда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган эстеликке гүл чамбарлар коюулуп, эскерүү минутасы жарыяланып, асманга ок атылды. Согушта курман болгондорго куран окулуп, Кыргыз Республикасынын +км=тънън облустагы өкүлүнүн, шаар, район жетекчилеринин куттуктоолору айтылды.

Митингди алып барган шаардын мэри Э.Алымкулов ɵз сɵзүндɵ, «жеӊиш күнүн кɵз жаш менен кошо келген майрам деп тегин жерден атабаган чыгаар. Улуу майрам биздин кайгыбыз дагы, салтанатыбыз дагы. Бул күндү биз эстен чыгарууга акыбыз жок. Азыркы муундун атынан кан майданда баатырларча курман болгондордун, бүгүнкү күндүн жарыгын кɵрбɵй калгандардын элесине жана ооруктун эмгекчилерине тизе бүгүп, тереӊ таазим этебиз»,-деди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ паркка тигилген аскердик чатырдын ичине ардагерлерге жана оруктун катышуучуларына дасторкон даярдалып, солдаттык каша  берилди. Майрамдык иш чара чакан концерт менен улантылды.

Белгилей кетсек, 9-май Жеңиш күнүнүн урматына жергиликтүү бюджеттин эсебинен согуштун ардагерлерине 8 миң сомдон, ал эми оруктун эмгекчилерине 3 миң сомдон материалдык колдоо катары берилди. Ал эми майрамды уюштуруп өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 70 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Добавить комментарий