УРМАТТУУ НАРЫН ШААРЫНДАГЫ Ж. ШЕРАЛИЕВ КӨЧӨСҮНҮН ТУРГУНДАРЫ!!!

Нарын шаарынын Ж. Шералиев көчөсүндө өткөн жылдын 29-июнунан бери Европалык реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында иш жүрүп жаткан.

Таза суу жана канализация системаларын алмаштыруу жумушу мөөнөтүнөн эрте аяктагандыктан Ж. Шералиев көчөсүнүн жолун калыбына келтирүү иштери башталды.

Бул учурда жолду кыруучу, таптоочу оор техникалар иштейт. Ошого байланыштуу ыңгайсыздык жаралып калса түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөбүз. Айрыкча жаш балдарыңыздарды көчөгө чыгарбай, коопсуздук үчүн сак болууңуздарды эскертебиз!!!

Добавить комментарий