Хоккей боюнча эл аралык турнирге катышуу үчүн келген орус делегациясы Нарын шаарынын мэринин кабыл алуусунда болду.

Белгилүү болгондой, жергебизде ɵтүп жаткан турнирге Россиянын Челябинск  шаарынын жергиликтүү бийлик ɵкүлдɵрүнɵн жана ардагер хоккейчилеринен, ошондой эле Казакстандын белгилүү хоккей клубунун мүчɵлɵрүнɵн турган күчтүү командалар келишкен.

Меймандар мелдештен кийинки бош убактыларында Нарын шаары менен таанышып, №2-В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында жана Борбордук Азия Университетинде болушту.

Бүгүн эртен менен Челябинск шаардык Кеӊешинин тɵрагасы, Россия шаарлар Союзунун Президенти Станислав Мошаров жана Россия шаарлар Союзунун генералдык директору Александра Игнатьева баштаган орус делегациясын Нарын шаарынын мэри, Кыргызстандагы Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын Союзунун тɵрагасы Эмилбек Алымкулов иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алды.

Эки тараптуу баарлашуу жылуу маанайда ɵтүп, келечектеги кызматташуулар боюнча сүйлɵшүүлɵр жүрдү.

Орус делегациясынын мүчɵлɵрү Нарын шаары чакан, кооз, таза шаар экендигине жана ушундай чакан шаарда эл аралык деӊгээлдеги муз аянты курулганына суктануу менен караганын билдиришти. Ошондой эле бул жердеги окуу жайлардын күчтүүлүгүнɵ, ɵзгɵчɵ В. П. Чкалов атындагы мектеп-гимназиясындагы балдардын орус тилинде суудай сүйлɵгɵнүнɵ таӊ калышканын жашырышкан жок.

Жыйынтыгында эки элдин жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бири-бирине белектерин  тартуулап, эстелик үчүн сүрɵткɵ түшүштү.

Эртеӊ орус делегациясын Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵт башчысы жана Бишкек шаарынын мэри кабыл алаары күтүлүүдɵ.

Нарын шаарынын мэри Э. Алымкуловдун айтымында, буюрса апрель айында Бишкек шаарында Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын эл аралык форуму ɵткɵрүлɵт. Буга КМШ ɵлкɵлɵрүнɵн, Турциядан, Германиядан ɵкүлдɵр чакырылууда. Эртеӊки жолугушууда орус делегациясына ушул форумдун программасы тааныштырылып, меморандумга кол коюлмакчы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

Добавить комментарий