«Чоро» тобунун алгачкы тушоо кесүү концерти Нарын шаарында болуп ɵттү

 

24-25-майда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык-академиялык драм театрында, Эл аралык «Турк визион» сынагынын финалисти, «Фрунзе лайф» ретро фестивалынын лауреаты,  «Жылдын супер тобу» наамынын ээси — «Чоро» тобу жандуу музыканын коштоосунда, алгачкы тушоо кесүү концертин тартуулады. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Бул концертке шаар мэри Б.Жээналиев да келип катышып, кыргыз эстрадасына чыйыр салган айтылуу жердешибиз Чоро Кожомжаровдун атын унуткарбай, чыгармачылыгын улап, эмгегин элге таанытып, ал түзгɵн топту кайрадан жаӊыртып, мурунку аспаптардын коштоосунда обондуу ырларды аткарып, Нарын шаарынын элине жагымдуу маанай тартуулап жаткандыгын белгилɵɵ менен, «Чоро» тобуна Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин атынан ыраазычылык  кат жана беш миӊ сом акчалай сыйлык тапшырып, топко албан ийгиликтерди жана жүрɵккɵ жаккан жагымдуу музыкаларды тартуулап мындан аркы чыгармачылыктарын арта беришине  тилектештигин билдирди.

Концертте улуу-кичүү муундун табитиндеги ырлар ырдалып, жандуу музыка, жандуу үн кɵрүүчүлɵрдүн купулуна толуп, ар бир ырдалган ыр узак кол чабуулар менен коштолуп турду.

 

Добавить комментарий