Шаар мэри ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, кризистик жана реабилитациялык борборлордун жетекчилери менен жолукту

Бүгүн, 16-февралда Нарын шаарынын мэри  Э.Алымкулов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, кризистик жана реабилитациялык борборлордун жетекчилери менен жолукту.

Жыйында мэр ким кандай иш алып барат, кимдин кандай көйгөйлөрү, жетишкендиктери бар экендиги тууралуу таанышып, ар биринин ой-пикирин укту. Шаарда биргелешип иш алып барган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4-5 коомдук уюм отуруп алып иш жүргүзүп, чогулуп жыйын, кеңешме өткөргөнгө офис маселесинен кыйналып жаткандыктарын айтышып, долбоорлорду туура даярдоо боюнча окутуу курстарды, семинарларды уюштуруп берүү боюнча көмөк көрсөтүүсүн өтүнүштү.

Ошондой эле шаардагы имараттардын көпчүлүгүндө пандустар орнотулбай инвалиддик коляска менен жүргөндөр үчүн көйгөй жаралып жаткандыгы кеп болду.

Ал эми шаар башчысы Э.Алымкулов мэрия тараптан мүмкүнчүлүккө жараша колдоолор көрсөтүлөөрүн айтып, чакырууну туура кабыл алып маектешүүгө келип бергендерге ыраазычылык билдирип,  ден соолугунун мүмкүнчүлугү чектелген адамдарга карата жасап жаткан уюмдардын иштерине ийгилик каалады.

Добавить комментарий