Шаар мэри жаш чемпионду кабыл алды.

Нарын медициналык окуу жайынын студенти Ислам Кɵчɵрбаев жыл жаӊыраар алдында Бишкек шаарында ɵткɵрүлгɵн «эрежесиз эр мушташ» боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталган.

Бүгүн Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов жаш чемпионду иш бɵлмɵсүндɵ кабыл алып, куттуктады.

Жолугушууда шаар мэри: «Ислам, эл аралык чоӊ турнирде жеӊишке ээ болуп келгениӊе биз абдан кубанычтабыз. Жеке эле Нарын шаарынын эли эмес теӊиртоолуктар үчүн бул чоӊ сыймык. Биздин алыскы регион деп аталган, кышы суук Нарын жергебизден  сендей эр азаматтардын чыгып жатканы жакшы нерсе»,-деп белгилеп, бул  ийгилик алдыдагы жетишкендиктердин башаты болуусун тилек кылды. Ошондой эле чемпиондон жеӊишти кантип багындырганы, кɵкүрɵгүндɵгү кɵйгɵйлүү маселелери жɵнүндɵ сурады.

Белгилей кетсек, Ислам Кɵчɵрбаев Нарын медициналык окуу жайын Стоматология адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаганы турат. Ѳзү Нарын районунун Учкун айылында тɵрɵлүп, ɵскɵн. Тɵрт бир туугандын улуусу, эгиздин түгɵйү. Түгɵйү Иман Кореяда билим алууда. Ислам тɵрт жылга жакын убакыттан бери  спорттун аталган түрү боюнча машыгып келет.

«Бул жеӊиш оӊой болгон жок.  Чемпионатка Россиядан, Ѳзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан спортчулар катыштык. 57 кил салмактагылар арасында атаандаштарымды жеӊип чыгып, дипломго, алтын медалга жана «Кыргызстандын спорт чебери» наамына татыктуу болдум. Бул ийгиликте албетте менин машыктыруучум Токтосун уулу Уланбектин салымы зор»,-дейт чемпион.

Ислам учурда февраль айында боло турган эл аралык турнирге даярдык кɵрүүдɵ. Мелдештерге катышууга жол киреден жардам керектигин уккан шаар мэри жергиликтүү бюджет бекигенден кийин колдоо кɵрсɵтүлɵɵрүн билдирди.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

 

 

                                                    

 

Добавить комментарий