Шаар мэри Р.Адиевдин Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына карата куттуктоосу

Урматтуу Нарын шаарынын тургундары, кадырлуу меймандар!

Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеӊешинин уюшулгандыгынын 10 жылдыгына арналган бүгүнкү салтанатка кош келиӊиздер!

Кыргыз эли ичинде «Теӊир-Тоолуктар» деген ардактуу наамды алып жүргɵн облустун сыймыгы болгон, тɵрт тарабынан тоолор менен курчалган, Улуу  Жибек  жолундагы  чакан  Нарын шаары  1939-жылдан тартып  Нарын облусунун борбору аталып келет.

146-жылдык бай тарыхы бар Теӊир-Тоо калкы кыргыздын улуу тоолорун, мɵлтүр кашка суусун мекендеп Нарын шаарын түптɵшкɵн. Тарыхый маалыматтар боюнча бул шаар Жети-Суудан Кашкарга кетүүчү соода жолундагы кыргыздардын аскер чеби катары негизделген. Мезгилдин ɵтүшү менен чептин жанына элдер отурукташып, чакан айыл пайда болуп, алар соода-сатык жана мал чарбачылыгы менен алектенип отуруп, жыйынтыгында бүгүнкү Улуу Жибек жолунун нугунда жайгашкан, Нарын шаарыбыздын алгачкы пайдубалын түптɵɵгɵ салым кошушкан. Акырындык менен Нарын дарыясынын жээгине алгачкы турак-жайлар түшүп, калктуу конуштар пайда болгон.

1939-жылга чейин шаар планы жок түзүлүп келсе, облустун борбору аталаар соӊ шаардын негизги план-схемасы иштелип чыгып, шаар аймактарга бɵлүнүп, жаӊы типтеги турак-үйлɵрдү, дүкɵндɵрдү, мекеме-уюмдарды, ɵндүрүш ишканаларын, ооруканаларды куруу ɵɵрчүгɵн.

2004-жылга чейин Нарын шаары облустун гана эмес Тянь-Шань районунун да борбору катары эсептелинип административдик башкаруусу мамлекеттик функцияны аткарган.

Ал эми Кыргыз Республикасынын  Президентинин 2004-жылдын 25-июнундагы «Кыргыз Республикасынын  Нарын облусундагы Тяньшань  районун  Нарын  району деп кайра атоо жана Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын районунун курамынан Нарын шаарын чыгаруу жөнүндө жана ага облустук маанидеги шаардын статусун берүү тууралуу»  № 25 Мыйзамы чыгарылып, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун ɵкүлчүлүктүү органы болгон – Нарын шаардык Кеӊеши жана анын аткаруу органы түзүлгɵн. Ошол күндɵн тартып мына быйыл  Нарын  шаарына ɵз алдынча  башкаруу  укугу берилгендигине туура 10 жыл толуп отурат.

Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу укугу мамлекетибиз тарабынан мыйзамдык база менен бекемделип, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн шаарыбыздын финансылык-экономикалык негиздери аныкталды. Мунун негизинде он жыл аралыгында шаарда жашаган калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдɵ шаардык Кеӊештин депутаттары  менен биргеликте бир катар аткарылып келген иштер туурасында, Нарын шаардык мэриясынын жана Кеӊешинин уюшулгандыгын, турукташын, ɵнүгүшүн жана жетишкендиктерин чагылдырган тасмадан кɵрɵ алдыӊыздар.

Урматтуу шаарыбыздын тургундары, 10 жыл ичинде шаар башында тургандар ɵз заманынын шарттарына жана талаптарына ылайык иш алып барып, шаардын социалдык – экономикалык ɵнүгүшүнɵ, калктын жашоо турмушунун жакшырышына тийиштүү салымдарын кошуп келишип, Нарын шаарынын  азыркы келбети жаралып отурат.  Алдыда облусубуздун  борбор  калаасынын  инфраструктурасын жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, ири долбоорлор менен иш алып баруу, калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу, шаарыбызды өнүктүрүү, көркүнө чыгаруу жана башка ишке ашыра турган бир катар милдеттер бар.

Шаарыбыздын өнүгүшү мэриянын жана шаардык Кеӊештин ишмердүүлүгүнɵ эле эмес, ар бирибиздин мамилебизге дагы байланыштуу. Ошондуктан шаардыктарды  шаарыбызды ɵнүктүрүү үчүн кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырууга эмгектик же каражаттык салымдар менен кана чектелбестен жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине активдүү катышууӊуздарды чакырам.

Шаарыбыздын ар бир тургуну жашоосун жакшыртууга, айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүүгө умтулууга тийиш. Ар бирибиз өз шаарыбызды баалап, кадырлап, өз үйүбүз, көчөбүз үчүн жоопкерчиликтүү болуп, жардам гана күтпөстөн, шаарыбызга пайдалуу иш жасаганга аракеттенели.

Чакан шаарыбыз үчүн кызматыбызды аябай, биргелешкен аракетибизди жергиликтүү жамааттын талаптарына жооп бергидей шарттарды түзүүгɵ жумшап, Теӊир-Тоонун ордосу — Нарын шаарынын экономикасы ɵнүккɵн, кооз шаарга айланышына тилектештигимди билдирем. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт таалай жана ийгилик каалайм.

Урматтуу салтанаттуу жыйындын  катышуучулары, бүгүнкү күнгɵ Нарын шаардык троллейбус ДЭПО мекемесинин 20 жылдык мааракеси туш келип отурат. Учурдан пайдаланып шаардагы коомдук транспорт кызматынын бири болгон троллейбус ДЭПОсунун жетекчиси Жумабек Осмоналиевичти жана ал жетектеген эмгек жамаатын 20 жылдыгыӊыздар менен ак ниетимден куттуктаймын. Ишиӊиздерге албан ийгиликтерди, чоӊ жетишкендиктерди каалаймын.

Кɵӊүл бурганыӊыздарга рахмат.

 

Добавить комментарий