ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ПАЙДАЛАНУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ПАЙДАЛАНУУНУН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ БОЮНЧА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 18-февралда Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров Бүткүл дүйнөлүк банктын консультанты Райнер Бенке жана анын командасы менен жолукту.

Жолугушууда Райнер Бенке шаар башчысына Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардын электр энергиясын эффективдүү колдонуудагы изилдөөлөрүн жана анын натыйжасында түзүлгөн пландарын айтып берди.

Мындай изилдөө 2019-жылдын жаз айларында башталып, ушул убакыт ичинде аталган команда изилдөө иштерин жүргүзгөн.

Бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен түзүлгөн проект аркылуу Нарын шаарындагы социалдык обьектилердин электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча (Мисалы: имараттын сыртын жылуулоо, терезе-эшиктерин алмаштыруу ж.б.у.с.) долбоорлорду жазып, эл аралык уюмдардан колдоо табууга болот.

Жыйындын соңунда, Нарын шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине дагы бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын консультанты Райнер Бенке долбоор жазууга чакырып өттү. Ал аркылуу жергиликтүү бюджеттен электр энергиясына бөлүнгөн чыгымды азайтып, ага кеткен каражатка башка пайдалуу жумуштарды жасаса болорун баса белгиледи.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий