Ѳспүрүмдɵр катышкан кылмыштуулукту алдын алуу маселеси каралды.

22-февраль күнү Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеӊешинин отуруму ɵткɵрүлүп, анда жаш ɵспүрүмдɵрдүн арасындагы кылмыштуулукка бɵгɵт коюу маселеси каралды.

Жыйынга Кеӊештин мүчɵлɵрүнɵн сырткары укук коргоо жана коопсуздук сактоо кызматынын, билим берүү, социалдык жана саламаттыкты сактоо  тармактарынын ɵкүлдɵрү катышты.

Нарын шаарынын прокурору А. Алсеитовдун  2018-жылдын 26-январындагы №17-18 сандуу сунушунун негизинде ɵткɵрүлгɵн кезексиз отурумда ɵткɵн жыл ичинде ɵспүрүмдɵр тарабынан жасалган кылмыштуулуктун ɵсүш бергендигинин себептери талкууланып, бул маселеде коомчулукту ойготуу, айрыкча ата-энелердин жоопкерчилигин кɵтɵрүү, бардык кызматтар биргелешип иш алып баруусу зарылдыгы айтылды.

Шаар прокурору А. Алсеитов маалымдагандай, ɵткɵн жыл ичинде облус боюнча 704 кылмыш иши катталса, анын 169у Нарын шаарына тиешелүү. Ал эми 169 кылмыштын 20 учуру 8 жаш ɵспүрүмдүн катышуусу менен жасалган. Тилекке каршы, ɵспүрүмдɵр катышкан кылмыштуулук мурунку жылга салыштырганда 10 учурга кɵбɵйүп кеткен.

Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Кеӊештин чечимине ылайык, ɵспүрүмдɵр катышкан кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кɵрүү тиешелүү кызмат адамдарына милдеттендирилип,  кɵрүлгɵн аракеттердин жыйынтыгы тууралуу үстүбүздɵгү жылдын 5-мартына чейин маалымат берүү жагы мекеме жетекчилерине тапшырылды.

 

 

 

 

 

Нарын шаардык мэриясынын пресс-кызматы.  

 

 

 

 

Добавить комментарий