ӨТКӨН АЛТЫ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Нарын шаардык мэриясы жана шаардык мекеме- ишкана жетекчилери 2021-жылдын өткөн 6 ай ичинде аткарылган иш милдеттердин аткарылышы боюнча онлайн жыйналыш өткөрдү.

Онлайн жыйында Нарын шаарынын мэри Самарбек  Болотбеков  баардык тармактар боюнча аткарууга алынган иштер тууралуу  маалыматтарды угуу менен  алдыга бир катар иш милдеттерди белгиледи.

 

-Саламаттыкты сактоо тармагында жугуштуу илдеттерди алдын алуу иштери боюнча

— КОВИД-19 илдети менен күрөшүү иштеринде кемчиликтерди жоюу, жарандарды сергек жашоого үндөө

-Кылмыштуулук жана үй бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуу иштерин жакшыртуу

-Салыктарды чогултуу, планды аткаруу

— Мектептерди окууга даярдоо

-Социалдык коргоо боюнча иштерди жакшыртуу жана жакыр үй бүлөлөр аныктоо боюнча тийиштүү кызматардын бирге иш алып баруусун

-Күз-кыш жылытуу маалына даярдык көрүү

— спорттуу өнүктүрүү

Маселелери каралып, кемчиликтерди жөнгө салуу жана кызмат көрсөтүунү жакшыртуу белгиленди.

 

 

 

Добавить комментарий