2015-жылы жылуулук керектɵɵчүлɵрүнүн саны кɵбɵйɵт

Бүгүн, 20-январда Нарын райондор аралык жылуулук ɵндүрүштүк бирикмесинин жылдык отчету жана 2015-жылга жазала турган иштери боюнча жыйын болуп ɵттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Нарын райондор аралык жылуулук ɵндүрүштүк бирикмесинин карамагында бардыгы 22 откана, 20 откана  электр энергиясы, 2 откана кɵмүр менен иштейт.

Нарын райондук жылуулук камсыздоо ишканасы 82 кɵп кабаттуу үйдү, 31 менчик үйлɵрдү, республикалык бюджеттеги 19 мекеме-ишкананы, жергиликтүү бюджеттеги 17 мекеме-ишкананы, 4 башка керектɵɵчүлɵрдү жана 1565 абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

2014-жыл ичинде 22 отканада оӊдоп түздɵɵ, жараксыздарын алмаштыруу, от жагуу мезгилине даярдыктарды кɵрүү, 2014-2015-жылдагы жылуулук сезонуна карата керектелүүчү 2700 тонна кɵмүр отуну 2014-жылдын 27-октябрына карата 100 % тартып келүү жана башка иштер жүргүзүлдү.  Мэриянын буйругунун негизинде  27-  октябрдан тартып шаардын калкына жылуулук бериле баштады.

2014-жылы бардыгы 25340,9962 Гкал. жылуулук ɵндүрүлүп, ишкана боюнча жоготуу -13,5%  түзүп, нормадан ашкан жок.

Алдыга жылуулугу жок кɵп кабаттуу турак-үйлɵрдү жылуулук  системасына кошуу, абоненттердин жылуулукка болгон карыздарын ɵндүрүү, Городок аймагындагы коомдук мончонун жанына курулуп жаткан бассейндин курулуш иштерин апрель айларына чейин бүткɵрү, жылуулук берүү ишканасынын административдик имаратын кеӊейтүү жана башка милдеттер иш планга киргизилгени белгиленди.

Жыйынтыгында жылуулук берүү ишканасынын аткарылган иштери боюнча жылдык отчетун шаар мэри канааттандыраарлык деп таап, жамааттын ишине ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий