26-декабрда Нарын шаардык мэриясы жана Жаш ишкерлер ассоциациясы “Жылдын мыкты ишкерлерин” аныктады.

«Плаза» ресторанында уюштурулган майрамдык иш чарага Нарын шаарынын соода жана тейлоо тармагындагы жеке ишкерлер чакырылып, алардын жыл ичиндеги ийгиликтерине баа берилди.

Иш чарада Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов ишкерлерди келе жаткан жаӊы жылы менен куттуктап, алардын шаарыбыздын гана эмес жалпы мамлекетибиздин экономикалык ɵнүгүүсүнɵ кошкон зор салымдарын баса белгилеп, иштерине ийгилик, ден соолук, үй-бүлɵлүк бакты-таалай каалады.

Ушундай эле каалоо-тилектер Депутаттардын Нарын шаардык  Кеӊешинин тɵрагасы Жыргалбек Ботоканов, Нарын Жаш ишкерлер Ассоциациясы (ЖИА) бизнес ассоциациясынын тɵрагасы Максат Мамбетов жана бир катар депутаттар тарабынан билдирилди.

Ошентип жылдын мыктылары катары: Мегакомфорт соода жайы, Айыл Банкынын Нарындагы филиалы, “Даам” кондитердик цехи, Газоблок чыгаруучу ишкана, Токтогул Ѳмүрзаковдун мончосу, “Ай-Тилек” кооперативи, “Шамшы ата” цехи, “Рамазан”, “Строй Мир”, “Киреше”, “Нарынбек” дүкɵндɵрү, “Номад” кофейнясы, “Ализа” эмерек салону,  “Неман” дарыканасы, СБТ Нарын туристтик уюму, “Нарын строй сервис” курулуш компаниясы аныкталып, сертификаттар жана баалуу белектер ыйгарылды.

Назгүл Мүсүралиева, Нарын шаардык мэриясынын пресс-катчысы.

 

Добавить комментарий