31-август — Майрамдын кечки бɵлүгү шаардыктарга жаркын маанай тартуулады

31 августта Нарын шаарынын борбордук аянтында, кечки саат 19:00 ден 21:00 га чейин шаар тургундарына майрамдык концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Э.Качкымбаева билдирет.

Иш чара мэрия тарабынан уюштурулуп, анда Нарын шаардык маданият бɵлүмүнүн жана Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык-академиялык драма театрынын кызматкерлери тарабынан берилген концерт, аянтка келген миӊге чукул шаардыктардын кɵӊүлүн кɵтɵрүп, жаркын маанай тартуулады.

Майрамдык иш чара жаштар үчүн дискотека менен улантылды.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий