Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы 2019-жылдын 1-апрелинен баштап кайра түзүлгөн. Ишканага 7 (жети) парк, 11 (он бир) сквер, шаар боюнча жалпы аянты 170 гектарды түзгөң жашыл массивтер караштуу.
Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы төмөнкү багыттарда иш алып барат:
— бак-дарактарды кыркуу жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү;
— шаардын жол жээктерине, парк, скверлерге көчөттөрдү, гүлдөрдү тигип, сугаруу, көрктөндүрүү;
— жаңы парк, скверлерди уюштуруу;
— шаар ичиндеги арыктарды тазалап, казуу иштерин жүргүзүү.
Ишканада жалпы 39 жумушчу, кызматкер эмгектенет, мунун ичинен башкаруу аппаратында 8 кызматкер, 18 адам парк, скверлердин кароолчу-жумушчулары, 6 жумушчу, 1 электрик-сваршик, 1 тазалоочу, 1 гүлдөргө жооптуу, 2 айдоочу, 2 корукчу өз милдеттерин аткарышат. Мындан сырткары жаз мезгили келиши менен жазгы талаа жумуштары көп болгондуктан, 6 (алты) айлык мезгилдүүжумушка 10 жумушчу кабыл алынат.
Ишканада жалпы 5 техника бар
2-ГАЗ 53 (1-самосвал, 1-автовышка)
1-Манипулятор
1-КАМАЗ
1-Волга
1- Мерседес Бенс-Спринтер