Просим дать контакты отдела госзакупок.
Планы госзакупок на 2021-2022-2023 года.
Контакт Данияр +996 707 129239
03522(56482) Бөлүм башчы Акыл Кадыркулов кайрылыңыз
26.12.2022
Саламатсыздарбы. Нарын шаарынын Эски РТС чөлкөмүнө кирген жолго (көпүрөдөн кийин асфальттанган участокко) жасалма жол тосмолорун (лежачий полицейский) орнотуп берүүңүздөрдү өтүнөм. Себеби, ылдамдыкты жогорулатып айдаган айдоочулар, жөө жүргүнчүлөргө кооптуулук жаратууда. Маселе оң жагына чечилет деп ойлойм. Алдын ала чоң рахмат.
26.12.2022
Саламатсыздарбы. Сиздерден суранаарым, Нарын шаарынын (Эски РТС чөлкөмүндө) жайгашкан Самансур Ата 15-16-17-18- үйлөрү жайгашкан көчөдөгү жарыктандырууга көңүл буруп койсонуздар. Мисалга алганда Самансур Ата 18/7 үйүнүн короосунда жайгашкан столбадагы жарыктандыруу 1 жылдан ашык убакыттан бери күйүп кетип алмаштырылбай турат. Маселе туура жагына чечилет деп үмүттөнөм. Алдын ала чоң рахмат.
26.12.2022
Саламатсыздарбы. Менин кайрылуум төмөнкүчө: Нарын шаарынын Эски РТС чөлкөмүнө (Самансур Ата көчөсүнүн башталышы) кире бериште жайгашкан, каналдан өтүү үчүн курулган көпүрө тууралуу. Көпүрө тар, 2 жеңил унаа бир убакта карама каршы багыттан келип калса араң батып өтөт. Ошол көпүрөнүн жанына, жөө адамдар өтүүчү кичине көпүрө куруп берүү зарылчылыгы бар деп эсептейм. Себеп дегенде, машиналар өтүп жатканда жөө адамдарды сүзүп кетүү коркунучу жаралууда. Буга чейин да, кыш мезгилинде, тайгактын айынан көпүрөнүн тосмосун сүзүп, каналга түшүп калган машиналар болгон. Кудай сактасын ошондой учурда көпүрөдөн жөө өтүп бараткан кишини сүзүп алуу коркунучу бар. Көңүл буруп, маселени чечип бересиздер деп ишенем.
Кайрылууңузду каттап, тийиштүү бөлүмдөргө кароо жана чечүү боюнча иш алып баруу тапшырылды