«АЛМА БАК» СЕЙИЛ БАГЫНДА ӨТКӨН 1-ИЮНЬ БАЛДАРДЫН КҮНҮНДӨ ШААР МЭРИ Э.АЛЫМКУЛОВ МАЙРАМ ЭЭЛЕРИН КУУТУКТАДЫ

Жылда “Алма Бак” сейил багында өткөрүлүүчү 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү, бүгүн да белгиленип, Нарын шаарынын калкынын көпчүлүгү адаттагыдай балдардын күнүн ушул парктан майрамдашты.

«Алма-Бак» эс алуу паркындагы майрамдык иш-чара Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун балдарга арналган куттуктоосу менен башталды. Куттуктоодо «Ѳлкɵбүздү жашартып турган дагы, биздин ордубузду басчулар да, өлкө келечеги да – дал биздин балдар. Наристелерди жана жеткинчектерди бактылуу балалыктын байоо дүйнөсүнөн ажыратпай асыроо, балдардын татыктуу таалим-тарбия, жетиштүү билим алуусуна, өз келечегине ишенимдүү карап, илгери үмүт байлоосуна кеңири жол ачып берүү — баарыбыздын башкы милдетибиз. Баардык каалоо-тилегиңер ишке ашсын» деген сɵздɵр айтылып, бирок ошол майрам даамын татпай, ата-эне мээриминен четте калган балдар да жок эмес экендиги ɵкүндүрɵɵрүн белгиледи.

 Ошондой эле иш чарага Ѳкмɵттүн облустагы ɵкүлү А.Кайыпов, шаардык Кеӊештин тɵрагасы Ж.Ботокановдор катышышып, майрам ээлерине аруу тилектерин жолдошту.Балдар үчүн уюштурулган майрамдын жүрүшүндɵ куурчак театры, концерттик программа тартууланып, ага активдүү катышкан №14 “Алтын балалык”, №16 “Ыйман”, №17 “Ынтымак” балдар бакчаларынын тарбияланычууларына облус башчысынын, шаар мэринин жана шаардык Кеңешинин төрагасынын атайын белектери тапшырылды.

Паркка келген балдар арасында асфальтка сүрɵт тартуу сынагы ɵткɵрүлүп, жеӊүүчүлɵр мэрия тарабынан белектерге ээ болушту. Ал эми демɵɵрчүлɵр тарабынан балдарга бекер балмуздактар таратылып, үч балдар бакчаларына оюнчуктар белекке берилди.

Ал эми Нарын шаарындагы үч сейил бактан өткөн жалпы иш чараларды уюштуруп ɵткɵрүүгɵ  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 52 миӊ сом акча каражаты жумшалды.

 

Добавить комментарий