БАЗАРДЫ ИРЭЭТКЕ КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНТЫЛАТ

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жана биринчи вице-мэр Давид Курманов бүгүн, 11-февралда Нарын шаарынын борбордук базарын кыдырып, мыйзамсыз иш алып барып жаткан соодагерлерге эскертүүлөрдү берип, дагы да ирээтке келтирүүнү улантуу боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.

Текшерүү учурунда мыйзамсыз токтогон машиналарга айып пулдар салынып, ал эми мыйзамсыз соода-сатык кылып жаткан соодагерлерге оозэки эскертүүлөр берилди.

“Жыл сайын мындай текшерүү иштери активдүү жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, мыйзамсыз иш алып барып жаткандардын дагы да саны арбын. Анын биринчи себеби, базар кичинекей жана тар. Ошентсе да, соодагерлер, кардарлар жана айдоочулар тартипти жакшы сактаса эле, базар ирээтке келмек. Бул жерде кийинки көйгөй автоунаа токтоочу жайдын жоктугу. Көбү жолго мыйзамсыз токтотуп коюп, башкаларга тоскоолдук жаратат. Бул көйгөйлөрдүн чечилүү жолун да издеп жатабыз”- деди, шаар башчысы Нурбек Молдокадыров.

Буга чейин чоң соода түйүндөрүн иштеткен ишкерлер өз алдынча сүйлөшүп, өз аймактарына унаа токтотуучу орундуктарды жаз алды менен жасап берерин убада кылышкан. Эгерде бул проект ишке ашып калса, анда С. Орозбак көчөөсүнүн (А. Шуллер көчөөсүнөн баштап, С.Андабеков көчөөсүнө чейинки аралык) эки тарабына унаа токтоочу орундуктар жасалмакчы. Бул тууралуу да жеринде сүйлөшүүлөр жүрүп, мыйзам чегинде иш алып барууну тиешелүү кызмат жетекчилерине тапшырды.

Андан соң шаар башчысы Нурбек Молдокадыров Ленин көчөөсүндө жайгашкан М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын жетекчиси Темирлан Сманбеков менен жолугуп, театрдын алдындагы тосмону эки метр жылдырууну сүйлөшүп макулдашты. Жаз алды менен тосмолор жылдырып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тратуар кеңейтилет.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Добавить комментарий