Нарын шаарында иш кагаздар менен иштөө боюнча практикалык, усулдук жардам көрсөтүүчү семинар өттү

Бүгүн, 22-январда Нарын шаарынын билим берүү тармагынын кызматкерлери үчүн иш-кагаздар боюнча семинар өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.

Семинарды Нарын шаардык мэриясы уюштуруп, ага шаардык билим берүү бɵлүмүнүн кызматкерлери, орто мектептердин, балдар бакчаларынын жетекчилери  жана иш-кагаздар менен иштөөчү адистер катышты.

Семинардын негизги  максаты – шаардык мекеме ишканаларда башкаруу документ менен камсыз кылууну мындан ары ɵркүндɵтүү жана иш кагаздарын уюштурууну жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмɵтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы №517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманын» талаптарын кайталоо болуп эсептелет.

Анда Нарын облустук мамлекеттик архивинин бɵлүм башчысы Кубанычбек Маматбаев тарабынан башкаруу документтерин даярдоо, документтер менен иштɵɵнү уюштуруу, делолордун номенклатурасын түзүү боюнча кеӊири слайд презентацияланды.

Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Бактыкан Ширинбекова жарандардын арыз-даттануулары менен иш алып баруу жана уюштуруу-тескɵɵ документтеринде реквизиттердин колдонулушуна  токтолуп ɵттү.

Семинардын жүрүшүндɵ катышуучулар аларды кызыктырган суроолоруна толук жоопторун алышып, иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча пикир алмашышты.

Добавить комментарий